26/07/2026
Соц тармактарда тарап жаткан Ысык-Кол районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун рентген кабинетинде болгон ситуация ар турдуу ой пикирлерди жаратууда. Окуя тунку бирде болгон. Кыздар Бостери айылындагы "Шанхай" эс алуу жайында болгон мушташтан келишкен. Уруш-талаштан кийинки адамдын абалы белгилуу да. Ачулуу келишкен. Алгач хирургия болумуно кайрылышкан. Хирург коруп, рентгенге жоноткон. Баш соогун тартыш керек болгон. Рентгенге тартаардагы процедура сунушталган. Рентген лаборант Мамбетов Ишен кабинетке отуп, даярдануусун отунгон. Пациенттин орой мамилесине медицина кызматкери тарабынан дагы басым менен жооп кайтарылган. Аны дагы тушунсо болот, кечке жалгыз иштеп, туну дагы калып иштоого туура келет, себеби ар турлуу жаракаттар менен келгендерди Оз убагында жаракатын аныктап биринчи жардам корсотуу зарыл болот, деги эле жайкы эс алуу мезгил учурунда Ысык-Кол районуна туристердин коп келуусундо ар кандай кырсыктарды алган учурларда Рентген кабинеттин кызматына муктаж болгондор коп. Азыр жайкы сезондун кайнап жаткан учуру.Ар турлуу адамдар келип эс алып медицина кызматкерлерине орой да мамиле жасап кетишет , бирок Буга карабастан медицина кызматкерлерибиз чыдамдуулук Жана сабырдуулук менен кызматын отоп келишуудо.
Бул окуя боюнча ЖДПБнын жетекчилиги тарабынан медицина кызматкерлери менен талкууга алынып, бейтаптарга сылык, сыпаа мамиле жасоо талап кылынды, медицина кызматкерлердин сабырдуулукта Иш алып баруусу отунуп ушундай провокациялуу бейтаптардын жоруктарына , мамилелерине конул бурбоосу жонундо тушундуруу иштери жургузулду. Бейтаптар акча толоп кызмат алуу учун баардык шарттар каралган: терминал коюлган жана ар бир толонуучу процедуралар учун кызматкерлердин алдына Qкод берилген.Толомдор атайын МЗ менен бекитилген прейскуранттын негизинде жургузулот .