26/08/2026
🏗️ Оштогу областтар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын 1980-жылдан бери кызмат кылган, убакыттын сыноосуна туруштук берип келген чатырын алмаштыруу иштери бүгүнкү күндө кызуу жүрүп жатат.
Мындай маанилүү иш-аракеттер Ош облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Көп жылдан бери көйгөй жаратып келген чатырдын ордуна сапаттуу, бекем жабуу коюлуп, оорукана имаратынын коопсуздугу камсыздалат деген ишеним жаралды. Оорукананын жетекчилиги балдардын ден соолугуна кам көрүүдө — коопсуз, бекем жана татыктуу шарттарды түзүү иштерин уланта берет.
Калкты тейлөө багытында ар тараптуу колдоо көрсөткөн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана Ош облустук өнүктүрүү фондуна терең ыраазычылык билдиребиз!