Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Osh
  • Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору

Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору, Family medicine practice, Ошская область, Карасуйский р-н, г. Кара-Суу Улица Ленина, 5, Osh.

Бүгүн 2026-жылдын 23-июнь күнү  Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда маанилүү окутуу болуп өттү!Кара-Суу рай...
23/06/2026

Бүгүн 2026-жылдын 23-июнь күнү Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда маанилүү окутуу болуп өттү!
Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жыйындар залында Үй-бүлөлүк дарыгерлик топтордун (ҮДТ) жетекчилери жана улуу медайымдары үчүн «Калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү» темасында окутуу иш-чарасы уюштурулду.
Окутууда төмөнкү маселелерге өзгөчө басым жасалды:
НИЗ программасы боюнча туура амбулатордук картаны толтуруу;
Калкты алдын ала профилактикалык текшерүүнү жүргүзүү жана каттоо;
Пациенттерге сапаттуу жардам көрсөтүүнүн заманбап ыкмалары.
Медкызматкерлерге амбулатордук документацияны туура жүргүзүү жана калктын ден соолугун алдын ала сактоо боюнча практикалык билимдер берилди.
Сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам — биздин негизги максат! 💙
Кара-Суу районунун саламатты сактоо кызматкерлерине мындай маанилүү окутууларды уюштурууну улантууга чоң рахмат!
#КараСуу #ҮйБүлөлүкМедицина #НИЗ #АмбулатордукКарта #Профилактика #СаламаттыкСактоо #МедицинаКызматкерлери

24-мартка карата алыскы Кызыл-Суу айылында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара болуп өтт...
25/03/2026

24-мартка карата алыскы Кызыл-Суу айылында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
Фтизиатр дарыгер айыл тургундарына оорунун белгилери, алдын алуу жолдору жана өз убагында дарылануунун маанилүүлүгү тууралуу кеңири түшүндүрүү жүргүздү. Суроо-жооп учурунда элдердин кызыгуусу абдан жогору болду.
Кара-Суу райондук үй бүлөлүк медицина борбору жана «ПЛЮС ЦЕНТР» коомдук фондунун адистери менен бирге айыл тургундары жасалма интеллекти бар мобилдик рентген аппараты аркылуу текшерүүдөн өтүштү.
Мындай иш-чаралар алыскы айылдарга чейин жетип, элдин ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Ден соолук — эң чоң байлык!
Кургак учукту эрте аныктоо — жашоону сактоо дегенди билдирет.
#КургакУчук #Туберкулез #ДенСоолук #Кыргызстан #Профилактика

Address

Ошская область, Карасуйский р-н, г. Кара-Суу Улица Ленина, 5
Osh
723300

Telephone

+996323251962

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Practice

Send a message to Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору:

Shortcuts

Share