Саламаттык сактоо тармагынын Ош облусу боюнча координатору

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Osh
  • Саламаттык сактоо тармагынын Ош облусу боюнча координатору

Саламаттык сактоо тармагынын Ош облусу боюнча координатору “Саламаттык сактоо – ар бир жарандын бакубат келечеги үчүн!”

19/07/2026

🌞Узак убакыт түз күндүн астында жүрүү организмге оор зыян тийгизиши мүмкүн. Дарыгерлер мындай абалды үч деңгээлге бөлүшөт.

☝Эң оор, үчүнчү деңгээлде адам башы айланып, эмне болуп жатканын түшүнбөй калат, көзүнө түшүнүксүз нерселер көрүнөт, денеси тырышып, эсин жоготушу мүмкүн.

⚠Мындай учурда дароо медициналык жардам керек, болбосо абал өмүргө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Күн нурунан туура коргонуу үчүн төмөнкүлөрдү эсиңизден чыгарбагыла:

👚Туура кийимге басым жасаңыз: териге дем алдырган, жука жана табигый материалдардан (зыгыр, пахта, жибектен) тигилген кийим кийиңиз;

🧢Башыңызды сөзсүз түрдө ачык түстөгү жеңил баш кийим менен жаап жүрүңүз;

🌂Бет жана башты муздак суу менен жууп туруу же зонт колдонуу пайдалуу;

🫗Ар дайым таза суу ичип туруңуз.

❌Алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн алыс болуңуз, алар организмди кургатат;

🌳Саат 11:00ден 16:00гө чейинки эң ысык убакта түз күн тийген жерде болбоого аракет кылыңыз. Зарыл учурда көлөкөдө жүрүңүз;

📍https://egov.kg/kg/ministry/health/news/23820

🌞Длительное пребывание под прямыми солнечными лучами может нанести серьезный вред организму. Врачи делят такое состояние на три степени тяжести.

☝При самой тяжелой, третьей степени, у человека кружится голова, он перестает понимать, где находится и что происходит, могут возникнуть галлюцинации, судороги и потеря сознания.

☝В таких случаях необходима экстренная медицинская помощь, иначе ситуация может стать жизнеугрожающей.

Чтобы правильно защитить себя от солнца, помните о следующих правилах:

👚Выбирайте правильную одежду: носите легкие вещи свободного кроя из дышащих, натуральных тканей (лен, хлопок, шелк).

🧢Защищайте голову: обязательно носите легкий головной убор светлых тонов.

🌂Освежайтесь: полезно периодически умывать лицо и голову прохладной водой или использовать зонт от солнца.

🫗Пейте воду: всегда держите при себе чистую питьевую воду.

❌Исключите алкоголь: откажитесь от употребления спиртных напитков, так как они вызывают сильное обезвоживание организма.

🌳Избегайте пика жары: старайтесь не находиться под прямым солнцем в самое жаркое время — с 11:00 до 16:00. При необходимости оставайтесь в тени.
#аптап #зной #жара #солнечныйудар #профилактика

18/07/2026
16/07/2026
Ош облусунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгилендиОш облусунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрам...
04/07/2026

Ош облусунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Ош облусунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө калктын саламаттыгын сактоого зор салым кошуп, көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен айырмаланган дарыгерлер, медайымдар жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери сыйлыктар, Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Майрамдык салтанатта медицина кызматкерлерине чың ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт жана жоопкерчиликтүү кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтер кааланды.

Ак халатчан инсандардын адам өмүрүн сактоодогу ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү жана жан үрөгөн кызматы ар дайым жогорку баага татыктуу. Алардын коомдун саламаттыгын чыңдоого кошкон салымы өзгөчө мааниге ээ.

Бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, түгөнгүс күч-кубат, тынчтык жана ийгиликтерди каалайбыз!

Ош облусунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгилендиОш облусунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрам...
04/07/2026

Ош облусунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Ош облусунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада калктын саламаттыгын сактоого зор салым кошуп, өз кесибине берилгендик менен эмгектенип келе жаткан дарыгерлерге, орто медициналык кызматкерлерге жана саламаттык сактоо тармагынын ардагерлерине терең ыраазычылык билдирилди.

Салтанаттын жүрүшүндө бир катар медицина кызматкерлери көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчиликтүү иши үчүн Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Медицина кызматкерлери – адам өмүрү менен ден соолугун сактоодо эң жоопкерчиликтүү жана ардактуу кесиптин ээлери. Алардын күнүмдүк түйшүктүү эмгеги, сабырдуулугу жана адамгерчилиги коом үчүн баа жеткис.

Бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишине ийгиликтерди жана бейтаптардын ыраазычылыгын каалайбыз!

Урматтуу, кадырлуу жана мээнеткеч медайымдар!Сиздерди 12-май – Эл аралык медайымдар күнү менен чын дилимден куттуктайм!М...
12/05/2026

Урматтуу, кадырлуу жана мээнеткеч медайымдар!

Сиздерди 12-май – Эл аралык медайымдар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Медайымдык кесип — бул жөн гана жумуш эмес, бул адам өмүрүнө кызмат кылган ыйык миссия. Сиздер күн сайын бейтаптарга камкордук көрүп, оор учурларда үмүт берип, айыктыруу жолунда жан үрөп эмгектенип келесиздер. Сиздердин мээримиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар жана кесипкөйлүгүңүздөр — саламаттык сактоо тармагынын бекем тиреги.

Адамдын өмүрү менен ден соолугу үчүн талыкпай кызмат өтөп, ар бир бейтапка жылуулук жана көңүл буруу тартуулаганыңыздар өзгөчө урматка татыктуу.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерде дайыма ийгиликтерди каалайм. Ар дайым элдин ыраазычылыгы жана урматы коштоп жүрсүн!

Саламаттык сактоо тармагынын Ош облусу боюнча координатору
К.М. Сакмаматов

📍 Ош облусунда саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер талкууландыМинистрдин биринчи орун басары Ош облусунда...
12/01/2026

📍 Ош облусунда саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды

Министрдин биринчи орун басары Ош облусундагы саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери менен курч респиратордук оорулар боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга арналган жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Ош облусу боюнча Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан азыркы кырдаал боюнча кеңири маалымат берилди. Аталган маалыматта оорулардын жайылыш динамикасы, алдын алуу чаралары жана калктын саламаттыгын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер камтылды.

Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге алдын алуу иш-чараларын күчөтүү, медициналык мекемелердин даярдыгын жогорулатуу жана калк менен түшүндүрүү иштерин активдештирүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

💬 Калктын саламаттыгы — мамлекеттин башкы байлыгы. Бул багытта иштер үзгүлтүксүз улантылат.

2026-жылдын 7-январында Ош облусу боюнча саламаттык сактоо координатору К.М. Сакмаматовдун жетекчилиги астында курч респ...
08/01/2026

2026-жылдын 7-январында Ош облусу боюнча саламаттык сактоо координатору К.М. Сакмаматовдун жетекчилиги астында курч респиратордук оорулар боюнча кырдаалды жөнгө салуу жана көзөмөлдү күчөтүү максатында кезексиз медициналык кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге райондук саламаттык сактоо мекемелеринин, ошондой эле Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун директорлору катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө координатор аймактагы учурдагы эпидемиологиялык абал боюнча ар бир жетекчиге кошумча койкаларды даярдоо, дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнү күчөтүү боюнча так тапшырмаларды берди.

Ошону менен бирге берилген тапшырмалар өз убагында жана толук аткарылбаса, тиешелүү жетекчилерге мыйзам чегинде жоопкерчилик чаралары көрүлөрүн баса белгиледи.

Саламаттык сактоо тармагындагы бардык кызматкерлер калктын саламаттыгын сактоо үчүн жогорку жоопкерчилик менен иш алып баруусу зарыл.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.К. Арстанкуловдун, ошон...
10/12/2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.К. Арстанкуловдун, ошондой эле Ош облусунун саламаттык сактоо координатору К.М. Сакмаматовдун жетекчилиги алдында маанилүү координациялык кеңешме болуп өттү.
Жыйында облустун калкынын саламаттыгын коргоо, залалдуу шишик ооруларынын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Кеңешмеге Ош облусуна караштуу райондордун акимдеринин орун басарлары, координациялык кеңештин мүчөлөрү жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты.
Онкологиялык ооруларды эрте аныктоо, онкологиялык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу сыяктуу бир катар маанилүү маселелер каралып, бул багыттагы иштерди күчөтүү үчүн түштүк региону боюнча онкология кызматынын координатору З.М. Паизовага тийиштүү тапшырмалар берилди.
👉 Элдин саламаттыгы — мамлекеттин эң баалуу байлыгы. Бул багыттагы ар бир кадам, ар бир чечим — келечек үчүн жасалган иш. #онкологияпобедима

Address

Р. Абдыкадыров
Osh

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Саламаттык сактоо тармагынын Ош облусу боюнча координатору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share