Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Talas
  • Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору

Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору, Medical and health, Талас, Talas.

Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты пайдалану...
07/12/2025

Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Жаңы медициналык мекемеде 22 кызматкер иштейт. Имаратта кабыл алуу, каттоо, эмдөө, ийне сайуу, тиш дарылоо бөлмөлөрү жана тез жардам кызматы каралган. Мекеме аймак тургундарына сапаттуу жана ыкчам медициналык кызмат көрсөтүүгө толук даяр.

Бүгүн, 21-майда  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Талас облусун...
21/05/2025

Бүгүн, 21-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Талас облусуна келип, облустун өнүгүү программасынын багыттары менен таанышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бүбүжан Камчыбековна да катышып, Талас облусундагы саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлүү маселелерди белгиледи. Дарыгерлердин жетишсиздиги жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды ортого салды.

КРВИ ЖАНА САСЫК ТУМООНУН АЛДЫН АЛЫҢЫЗКРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сакт...
28/01/2025

КРВИ ЖАНА САСЫК ТУМООНУН АЛДЫН АЛЫҢЫЗ

КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

-коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;

- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;

- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,

- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),

- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.

Бүгүн, 24-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун Талас облустук башкармалыгынын  жыйын залында саламатт...
24/01/2025

Бүгүн, 24-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун Талас облустук башкармалыгынын жыйын залында саламаттык сактоо тармагынын 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча медициналык кеңеш өттү.

Медициналык кеңешке КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова катышты.

Кеңешмеде Талас облустук саламаттык сактоо мекемелеринин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берилип, анда бир катар жетишкендиктер менен көйгөйлөр айтылды.

Урматтуу Бакай-Ата  районунун тургундары!Азыркы учурда өлкө аймагында курч респиратордук вирустук инфекциялардын  (КРВИ)...
16/01/2025

Урматтуу Бакай-Ата районунун тургундары!

Азыркы учурда өлкө аймагында курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жайылышы күч алууда.

Бул инфекция бардык курактагы адамдарга өз таасирин тийгизет. Ал эми 5 жашка чейинки балдарда жана улгайган адамдарда КРВИнин симптомдору көбүрөөк байкалат.

Андыктан ар бир жаранды өз саламаттыгына кам көрүүгө чакырабыз. Эгер оорунун симптомдору байкалса жакынкы медициналык мекемеге (ҮДТ, ФАП) кайрылуу зарылдыгын эскертебиз.

Белгилей кетсек, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция – бул вирустук оорулардын тобу. Ал жогорку дем алуу жолдорун жабыркатат. Бул ооруга сасык тумоо, парагрипп, респиратордук-синцитиалдык инфекция кирет. Оору аба жолдору менен жугат. Оорунун белгилери: мурундун бүтүшү, тамактын кычышуусу, жөтөл, чыйрыгуу, баш оору, булчуңдардын ооруксунуусу, ичтин өтүшү, кусуу эсептелет.

1-ДЕКАБРЬ СПИД  ООРУСУНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк  СПИД  оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Бакай-А...
02/12/2024

1-ДЕКАБРЬ СПИД ООРУСУНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Бакай-Ата районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборунда АИВ/ ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча маалыматтар берилип, комплекстүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга кошумча Бакай-Ата районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборунда ачык эшиктер күнү белгиленди. Анын алкагында мектептерде окуучулар үчүн түшүндүрүү чаралары көрүлүп, айыл жашоочуларына атайын адистер тарабынан кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле СПИД оорусуна каршы жөө жүрүш акциясы уюштурулду.

ВИЧ/СПИД – бул үч жол аркылуу гана жыныстык, ийне, энеден балага жугушу мүмкүн. ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар: таза эмес медициналык куралдардан, кан куюууда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда.

2024-жылдын 17-октябрында, Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына, анын ичинд...
02/11/2024

2024-жылдын 17-октябрында, Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына, анын ичинде Талас облусуна тез жардам унааларын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чара эски аянтта республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Автоунаалардын ачкычын Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

Талас облусунун Манас жана Бакай-Ата райондоруна Iveco үлгүсүндөгү 2 тез жардам автоунаасы берилди.

Бакай-Ата районуна бөлүнгөн тез жардам унаасы мындан тарта райондогу 1-Май, Кыргызстан, Боо-Терек, Жоон-Коргон, Миң-Булак айылдары үчүн кызмат кылат.

Калктын саламаттыгына кам көргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге Талас облусунун медицина кызматкерлеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз! Бул иш-аракет биздин жумушубузду кыйла жеңилдетип, бейтаптарга жеткиликтүү медициналык тез жардамды уюштурууга өбөлгө түзөт.

Address

Талас
Talas
723800

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share