Сузак аймактык ооруканасы

Сузак аймактык ооруканасы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Сузак аймактык ооруканасы, Medical and health, 721300,Сузак, Жалал-Абад,Кыргызстан, Кыргызстан.

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттыкты сактоо министрлигине ата мекендик өндүрүштөгү 100 автоунаанын ачкычын та...
02/07/2026

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттыкты сактоо министрлигине ата мекендик өндүрүштөгү 100 автоунаанын ачкычын тапшырды
Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 100 автоунаанын ачкычын тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыттары боюнча сөз сүйлөп, андан соң ведомствого ата мекендик өндүрүштөгү 100 жаңы кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды.
Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан дарыгерлерди, медайымдарды жана тармактын ардагерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, алардын асыл эмгегинин терең маанисин баса белгиледи.
"Мекендин эң чоң байлыгы – бул анын эли. Калктын ден соолугу бекем болсо, мамлекет чыңдалат, экономикасы өнүгөт жана келечекке ишеним артат. Дал ошондуктан жарандарыбыздын ден соолугу биз үчүн биринчи орунда турат. Биз саламаттыкты сактоого бөлүнгөн ар бир сомду чыгаша катары эмес, узак мөөнөттүү инвестиция катары карайбыз. Калктын жашоо сапаты жана адамдык капиталдын өнүгүшү түздөн-түз бул тармактын өсүшүнөн байланыштуу”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, акыркы жылдары байкалган туруктуу экономикалык өсүш мамлекетке социалдык тармакты, анын ичинде саламаттыкты сактоону каржылоону кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Ал конкреттүү цифраларды мисал келтирди: 2021-жылы саламаттыкты сактоо тармагынын бюджети 21,5 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы 2,4 эсеге өсүп, 52 миллиард сомго жеткен. Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы дагы бир жолу көтөрүлүп, буга кошумча бюджеттен 18,5 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Ал өз сөзүндө республиканын бардык аймактарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө басым жасады.
"Биздин негизги артыкчылыгыбыз туруктуу бойдон калышы керек: адам ири шаар борборундабы же эң алыскы бийик тоолуу айылдабы, мамлекеттин камкордугун бирдей деңгээлде сезиши керек. Ар бир жаран өз убагында, сапаттуу медициналык жардам алууга укуктуу", - деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
МинКаб Төрагасы белгилегендей, ата мекендик өндүрүштөгү автоунаалар аймактардагы медицина кызматкерлеринин мобилдүүлүгүн жогорулатып, бейтаптарга баруу убактысын кыйла кыскартып, жетүүгө кыйын аймактарда жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев дарыгерлерге, анын ичинде алыскы жана тоолуу райондордо иштеген дарыгерлерге кызматына берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, медицина тармагынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.

🌿🧹 Ишембилик — тазалыкка карай кадам! 🧹🌿Сузак аймактык бейтапканасынын бардык бөлүмдөрүндө ишембилик ийгиликтүү өткөрүлд...
28/03/2026

🌿🧹 Ишембилик — тазалыкка карай кадам! 🧹🌿

Сузак аймактык бейтапканасынын бардык бөлүмдөрүндө ишембилик ийгиликтүү өткөрүлдү 👩‍⚕️👨‍⚕️

Ак халатчан кызматкерлер биргелешип:
✨ Оорукананын айланасын тазалашты
🌱 Жаңы көчөттөрдү тигишти
🍀 Жазгы гүл көчөттөрүн эгүү иштерин жүргүзүштү

Мындай демилгелер айлана-чөйрөнү көрктөндүрүп гана тим болбостон, бейтаптар үчүн жагымдуу шарт түзүүгө да чоң салым кошот 💚

🌸 Тазалык – ден соолуктун башаты! 🌸

🌙✨ Урматтуу Сузак районунун кадырлуу тургундары!Сиздерди ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! 🤲💫Б...
20/03/2026

🌙✨ Урматтуу Сузак районунун кадырлуу тургундары!

Сиздерди ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! 🤲💫

Бул куттуу күн ар бир үйгө 🏡 тынчтык, береке жана кубаныч тартууласын. Орозо айында кармаган орозоңуздар, кылган ибадат-дубаңыздар кабыл болуп, Жараткан ар бириңиздерге бекем ден соолук 🩺, узун өмүр жана ийгилик насип кылсын 🌿

Айт – бул боорукерликтин ❤️, кайрымдуулуктун 🤝 жана кечиримдүүлүктүн майрамы. Ушул күнү бири-бирибизге жылуу сөз айтып, муктаждарга жардам берип, жакшылыкты көбөйтө жүрөлү 🌸

Саламаттык сактоо тармагында эмгектенген ак халатчан кызматкерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем 👩‍⚕️👨‍⚕️ Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат жана ийгилик каалайм! 💪✨

Ар бир үйдө тынчтык өкүм сүрүп, дасторконуңуздар мол болсун 🍽️🍬

🌙 Орозо айт майрамыңыздар кут болсун!

Урматтоо менен,
Сузак аймактык бейтапканасынын башкы дарыгери
Акжол Тургунбаев

18/03/2026

Сузак аймактык бейтапканасынын ымыркайларды жандандыруу бөлүмүнө демөөрчүлөрдүн колдоосу менен заманбап кувез-инкубатор аппараты алынып берилди 👶✨

Жаңы жабдуунун жардамы менен ара төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт 🙏

📊 2025-жылы Сузак аймактык бейтапканасында 3956 төрөт болуп, 3961 ымыркай жарык дүйнөгө келген 👶
Ал эми 2026-жылдын алгачкы 2 айында 591 ымыркай төрөлдү.

❤️ Ар бир ымыркайдын өмүрү баалуу!

Сузак аймактык бейтапканасынын ымыркайларды жандандыруу бөлүмүнө демөөрчүлөрдүн колдоосу менен заманбап кувез-инкубатор ...
18/03/2026

Сузак аймактык бейтапканасынын ымыркайларды жандандыруу бөлүмүнө демөөрчүлөрдүн колдоосу менен заманбап кувез-инкубатор аппараты алынып берилди 👶✨

Бул тууралуу бөлүмдүн дарыгери Эльза Боргулова билдирди. Анын айтымында, жаңы жабдуунун жардамы менен ара төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт 🙏

💬 “Түркиялык демөөрчүлөр биздин бейтапканага заманбап кувез-инкубатор аппаратын белек кылышты. Бул жабдууга адатта 500 граммдан жогору ара төрөлгөн ымыркайлар салынат. Аппарат баланын дене табын жана керектүү нымдуулукту туруктуу сактап турат. Мындай медициналык жабдуунун жардамы менен ымыркайлардын өлүмүнүн алдын ала алабыз,” — деди дарыгер.

🔧 Мындан сырткары, бөлүмдө учурда 6 СИПАП аппараты бар. Жакынкы күндөрү министрлик тарабынан дагы жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн термикалык аппараттар берилери күтүлүүдө.

📊 Эске салсак:
2025-жылы Сузак аймактык бейтапканасында 3956 төрөт болуп, 3961 ымыркай жарык дүйнөгө келген 👶
Ал эми 2026-жылдын алгачкы 2 айында 591 ымыркай төрөлдү.

❤️ Ар бир ымыркайдын өмүрү баалуу!

🩺 Сузак аймактык бейтапканасында маанилүү жаңылык! 🚑Сузак аймактык бейтапканасында ыкчам медициналык жардам бөлүмү иштеп...
26/02/2026

🩺 Сузак аймактык бейтапканасында маанилүү жаңылык! 🚑

Сузак аймактык бейтапканасында ыкчам медициналык жардам бөлүмү иштеп баштады.

🏥 Жаңы бөлүм 4 керебетке ылайыкташкан жана тез жардам менен келген бейтаптар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

⚙️ Бөлүмдө:
✅ кислороддук система
✅ жүрөк согушун жана кан басымды көзөмөлдөгөн мониторинг аппараттары
✅ заманбап көчмө рентген аппараты
орнотулган.

💡 Бул бөлүмдүн ачылышы менен оор абалда келген бейтаптарды кабыл алуу ыкчамдап, оорукананын башка бөлүмдөрүнүн иши да жеңилдеди.

📌 Курулуш иштери үчүн тендер жарыяланып, аны 1 млн 476 миң сомго “Бетельгейзе” ЖЧКсы утуп, объект пайдаланууга берилген.

👉 Элдин саламаттыгы үчүн жасалган мындай иштер улана берсин!
👍 Колдоп коюңуз
🔁 Бөлүшүңүз – пайдалуу маалымат башкаларга да жетсин

27/01/2026

Нипах вирусу боюнча кырдаал тууралуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында Нипах вирусун жуктуруу учурлары катталганбаганын билдирет. Эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.

Инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери келген адамдардын ден соолугунун абалын көзөмөлдөп, транспорт каражаттарына санитардык көзөмөл жүргүзүп, колдонуудагы нормативдик талаптарга ылайык алдын алуу иш-чараларын аткарышууда.
Өлкөнүн медициналык уюмдары ооруну эрте аныктоо, бейтаптарды обочолонтуу жана эпидемияга каршы чараларды уюштуруу маселелери боюнча нускама алышты.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча туруктуу байланышта.

https://egov.kg/kg/ministry/25/news/20118

О ситуации по вирусу Нипах
Министерство здравоохранения Кыргызской Республики сообщает, что на территории страны случаи заболевания вирусом Нипах не зарегистрированы. Эпидемиологическая ситуация находится под постоянным контролем органов санитарно-эпидемиологического надзора.

В целях предупреждения возможного завоза инфекции усилены меры санитарно-карантинного контроля на государственной границе Кыргызской Республики. Сотрудники санитарно-карантинных пунктов осуществляют мониторинг состояния здоровья прибывающих лиц, санитарный контроль транспортных средств и проведение профилактических мероприятий в соответствии с действующими нормативными требованиями.
Медицинские организации страны проинструктированы по вопросам раннего выявления, изоляции пациентов и организации противоэпидемических мероприятий.
Министерство здравоохранения Кыргызской Республики поддерживает постоянное взаимодействие со Всемирной организацией здравоохранения (ВОЗ) и международными партнерами для обмена эпидемиологической информацией и координации профилактических мер.

Address

721300,Сузак, Жалал-Абад,Кыргызстан
Кыргызстан

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Сузак аймактык ооруканасы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share