10/09/2026
КММА жана GX Foundation медициналык гуманитардык жардам жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты
2026-жылдын 9-сентябрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору И.О. Кудайбергенова менен 2018-жылы Гонконгдо (Кытай) негизделген өкмөттүк эмес кайрымдуулук уюму — GX Foundation фондунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
GX Foundation саламаттык сактоо жана коомдук саламаттыкты сактоо жаатында эл аралык гуманитардык программаларды ишке ашырып, медициналык мекемелер, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү коомчулуктар менен кызматташып келет. Фонддун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына медициналык жардам көрсөтүү, алдын алууга мүмкүн болгон сокурдук жана жугуштуу оорулар менен күрөшүү, калкты коопсуз суу менен камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарда калкка колдоо көрсөтүү, ошондой эле медициналык кадрлардын потенциалын өнүктүрүү кирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө GX Foundation фондунун өкүлдөрү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан медициналык-гуманитардык долбоорлор тууралуу айтып беришти. КММАнын студенттерин фонддун эл аралык жана аймактык медициналык демилгелерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишке ашырылышы мүмкүн болгон долбоорлорго тартуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай демилгелердин алкагында студенттер жана адистер калкка акысыз медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган гуманитардык медициналык миссияларга катышуу боюнча практикалык тажрыйба ала алышат. Фонддун ишмердүүлүгүнүн багыттарынын арасында катарактаны алып салуу жана көрүүнү калыбына келтирүү боюнча операцияларды жүргүзүү, трансмиссивдүү оорулардын алдын алуу, калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоорлору, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана аларга чара көрүү программалары бар.