18/06/2026
🖥️ Гаджеттер жана балдар: пайдасы менен зыянынын ортосундагы чек кайда?
Кымбаттуу ата-энелер, заманбап телефондор жана планшеттер — эң сонун жардамчылар, бирок аларды ашыкча колдонуу баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн: көрүүсүнүн жана уйкусунун начарлашынан баштап, сымбатынын (омурткасынын) бузулушуна жана эмоционалдык абалына чейин.
Жогорудагы карточкада биздин педиатр Абышева Майрамкуль Абышевна негизги коркунучтарды жана балдарыңызды коргоо үчүн жөнөкөй, бирок абдан маанилүү сунуштарды чогултту.
📌 Чек-листти сактап алыңыз:
Экран убактысын чектеңиз (3–6 жаштагы балдарга — күнүнө 1 сааттан ашык эмес, 7–12 жаштагы балдарга — 1,5–2 сааттан ашык эмес).
Ар бир 20–30 мүнөт сайын тыныгуу жасап туруңуз.
Уктоого 1–1,5 саат калганда гаджеттерди жыйнап койгула.
Өзүңүздөр үлгү көрсөтүңүздөр!
Балаңыздын ден соолугу — өз колуңуздарда! Экрандарды жандуу баарлашуу, китеп окуу жана таза абада сейилдөө менен алмаштырыңыз.
💬 Сиздин балаңыз күнүнө канча убакыт телефондо өткөрөт? Комментарийге бөлүшүңүз!
#ДСКП #БАКБ #БалдардынДенСоолугу #