03/08/2026
Некролог
Бактыгүл Миталиповнанын жаркын элесине
2026-жылдын 2-августунда кыргыз офтальмологиясы орду толгус оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү дарыгер, таланттуу педагог, даанышман устат, асыл инсан жана мыкты аял Мамытова Бактыгүл Миталиповна дүйнөдөн кайтты.
Бактыгүл Миталиповна 1966-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплому менен аяктаган. 1988–1990-жылдары аталган институттун офтальмология кафедрасында клиникалык ординатурадан өтүп, андан соң Республикалык клиникалык оорукананын №2 көз микрохирургиясы бөлүмүндө дарыгер болуп эмгек жолун баштаган.
Бактыгүл Миталиповна өмүрүн бүтүндөй медицинага кызмат кылууга арнады. Ал миңдеген адамдардын көзүнүн көрүүсүн сактап, дүйнөнү кайрадан көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Жогорку кесипкөйлүгү, терең билими жана өз ишине болгон чексиз берилгендиги менен кесиптештеринин терең урмат-сыйына, бейтаптарынын чексиз ыраазычылыгына ээ болду.
Көп жылдык ак ниет эмгеги жана ата мекендик саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Бактыгүл Миталиповнага 2000-жылы «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги» ардактуу наамы ыйгарылган. 2007-жылы медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасын ийгиликтүү жактаган. 2017-жылы академик И. К. Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктын лауреаты болуп, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2017–2024-жылдары Бактыгүл Миталиповна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын №2 көз микрохирургиясы бөлүмүн жетектеген. Практикалык ишмердүүлүк менен катар илимий-педагогикалык багытта да үзүрлүү эмгектенип, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун офтальмология кафедрасында доцент болуп иштеген.
Бактыгүл Миталиповна кесиптештеринин, шакирттеринин жана бейтаптарынын эсинде жогорку квалификациялуу адис, даанышман жетекчи, камкор устат, кең пейил жана өз кесибине чексиз берилген инсан катары түбөлүк сакталат. Анын кесиптик жолу, адамгерчилиги жана адамдарга болгон ак дил мамилеси дарыгерлердин көптөгөн муундары үчүн өрнөк болуп калды.
Мамытова Бактыгүл Миталиповнанын жаркын элеси аны таанып-билген, бирге эмгектенген жана баарлашкан адамдардын жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына, досторуна, кесиптештерине жана шакирттерине терең жана чын жүрөктөн көңүл айтабыз. Орду толгус кайгыңыздарды тең бөлүшүп, аза кайгыңыздарга ортоктошпуз.
*******
Некролог
Светлой памяти Бактыгуль Миталиповны
2 августа 2026 года кыргызская офтальмология понесла невосполнимую утрату. Ушла из жизни выдающийся врач, талантливый педагог, мудрый наставник, прекрасный человек и женщина — Мамытова Бактыгуль Миталиповна.
Бактыгуль Миталиповна родилась 6 июня 1966 года в городе Бишкек. В 1988 году с отличием окончила Кыргызский государственный медицинский институт. В 1988–1990 годах прошла клиническую ординатуру на кафедре офтальмологии КГМИ, после чего начала свою профессиональную деятельность врачом отделения микрохирургии глаза № 2 Республиканской клинической больницы.
Всю свою жизнь Бактыгуль Миталиповна посвятила служению медицине, сохраняя зрение и возвращая людям возможность видеть мир. Благодаря высокому профессионализму, глубоким знаниям и преданности своему делу она заслужила искреннее уважение коллег и безграничную благодарность тысяч пациентов.
За многолетний добросовестный труд и значительный вклад в развитие отечественного здравоохранения Бактыгуль Миталиповна была удостоена высокого звания «Отличник здравоохранения Кыргызской Республики» (2000). В 2007 году успешно защитила кандидатскую диссертацию. В 2017 году стала лауреатом академической премии имени И. К. Ахунбаева, а в 2018 году была награждена Почётной грамотой Жогорку Кенеша Кыргызской Республики.
С 2017 по 2024 год Бактыгуль Миталиповна возглавляла отделение микрохирургии глаза № 2 Национального госпиталя Министерства здравоохранения Кыргызской Республики. Наряду с практической деятельностью она вела активную научно-педагогическую работу, являясь доцентом кафедры офтальмологии Кыргызского государственного медицинского института переподготовки и повышения квалификации.
Бактыгуль Миталиповна навсегда останется в памяти коллег, учеников и пациентов как высококвалифицированный специалист, мудрый руководитель, отзывчивый наставник, человек большой души и безграничной преданности своему призванию. Ее профессиональный путь, человеческая доброта и искреннее отношение к людям стали примером для многих поколений врачей.
Светлая память о Мамытовой Бактыгуль Миталиповне навсегда сохранится в сердцах всех, кому посчастливилось знать, работать и общаться с ней.
Выражаем глубокие и искренние соболезнования родным, близким, друзьям, коллегам и ученикам. Разделяем боль невосполнимой утраты и скорбим вместе с вами.
Светлая память.