02/07/2026
💐 Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамыңыздар менен! 👩⚕️👨⚕️
🏥 Ысык-Көл областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору 🧑⚕️ Жаныл Качагановна Акунова жалпы эмгек жамаатын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, ар бир кызматкерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишине ийгилик жана түгөнгүс күч-кубат каалады. 🌹🤝
☝️ Бүгүнкү күндө, медицина кызматкерлеринин айлык акысы көбөйүп, кызматкерлерге дем- күч болуп калды. Борборубуздун материалдык-техникалык базасын чыңдоого чоң көңүл бурулуп, жаңы кызматтык унаага ээ болдук. 🚑✨ Ошондой эле, заманбап жаңы имаратыбыздын курулушу жүрүп жатат. 🏗️🏥
✊ Ушундай колдоо көрсөтүп, саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго жана Саламаттык сактоо министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз! 🇰🇬🙏
🙌 Элибиздин саламаттыгы үчүн ак ниет эмгек кылган бардык медицина кызматкерлерин дагы бир жолу кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! 💙🥳
#ТУФОМС #РФОМС #МЗКР #НЦФ
#МедицинаКызматкерининКүнү2026 #деньмедика
#колкургакучук #туберкулёз #денсоолук
#МедицинаКызматкерининКүнү #ЫсыкКөл #КургакУчуккаКаршыКүрөш #Ыраазычылык #СаламаттыкСактоо