Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борбору

Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борбору ЦОВП оказывает первичную, консультативно-диагностическую, стоматологическую, экстренную и стационарную помощь обслуживаемому населению

01/06/2026

2026-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө Төө-Моюн айылынын тургуну медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу маселе көтөргөн. Анын айтымында, медициналык жардам алуу үчүн кош бойлуу аялдар жана башка тургундар Ош шаарына чейин болжол менен 65 чакырым жол жүрүүгө мажбур.

Бул маселе каралып чыккандан кийин Саламаттык сактоо министрлиги Төө-Моюн айылынын тургундарын айылдан болгону 17 чакырым аралыкта жайгашкан Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна бекитүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Бүгүнкү күндө Төө-Моюн айылынын 20 миңге жакын тургуну өздөрүнө кыйла жеткиликтүү болгон медициналык мекемеден медициналык жардам алышууда.
Апрель жана май айларында эле Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндө айылдын 49 тургунуна медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен 7 аялга кесарево операциясы жасалган. Мындан тышкары, 145 балага жана ондогон бейтаптарга башка профилдер боюнча медициналык жардам көрсөтүлгөн.
25-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен болгон жолугушууда Төө-Моюн айылынын тургуну мамлекет башчысы менен жолугушууда көтөрүлгөн маселенин ыкчам чечилгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 📅 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү 🌍24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учук оорусуна каршы күрөшү...
24/03/2026



📅 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү 🌍

24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учук оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган айлыктын алкагында бүгүн Кызыл-Кыя шаарында ЖДПБнун медицина кызматкерлеринин уюштуруусунда, мериянын каржылоосу менен
👉 “Ооба! Биз кургак учукту жок кыла алабыз! Милдеттенебиз, инвестиция салабыз, жыйынтыктарга жетебиз!” деген ураан астында шаардык деңгээлде чоң акция өткөрүлдү. 💪✨

👩‍⚕️👨‍⚕️ Акцияга медицина кызматкерлери, ошондой эле окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери активдүү катышышты.

🚑🚓 Иш-чара ГАИ жана тез жардам унааларынын коштоосунда жөө жүрүш менен башталып, шаардын көчөлөрүнө өзгөчө дем берди.

🎤 Андан соң акцияны Кызыл-Кыя ЖДПБнун директору Ж.И.Кадыров ачып берип, шаарыбыздын төрагасы А.М. Ыдырысович жана вице-мэр И.Д. Бабаев ,Кызыл-Кыя медициналык коледжинин директору М.Ө.Абдрахманов катышуучуларга ийгилик каалап, маанилүү сөздөрүн айтышты.

🎉 Акция учурунда:
📽 Кургак учук боюнча видеоролик көрсөтүлдү
❓ Суроо-жооп викторинасы өткөрүлдү
🎈 Шаар үйлөө оюну уюштурулду
💪 Кол күрөш боюнча мелдеш болду
🎭 Кургак учук темасындагы көрүнүштөр көрсөтүлдү

🏆 Активдүү катышуучулар белектер менен сыйланышты 🎁👏

🤝 Мындай иш-чаралар калк арасында маалымдуулукту жогорулатып, оорунун алдын алууга чоң салым кошот!
#МЗКР
#РЦУЗ



Address

Улица Ленина, дом 3
Kyzyl-Kiya
720300

Opening Hours

Monday 08:00 - 17:00
Tuesday 08:00 - 17:00
Wednesday 08:00 - 17:00
Thursday 08:00 - 17:00
Friday 08:00 - 17:00
Saturday 08:00 - 17:00

Telephone

+996365751503

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борбору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Practice

Send a message to Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борбору:

Shortcuts

Share

Category