Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора

Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора Реализует государственную политику в области обществ?

БАТКЕНДЕ КУТУРМА ООРУСУНУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ28-сентябрь – Кутурма оорусуна каршы күрөшүү кү...
08/09/2026

БАТКЕНДЕ КУТУРМА ООРУСУНУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

28-сентябрь – Кутурма оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Баткен РОАА жана МСЭКБ кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Анын негизинде №3 А. Имаров атындагы Кызыл-Топу жалпы билим берүү мекемесинде ата-энелерге жана мугалимдерге кутурма оорусунун алдын алуу, жаныбарлар тиштеген учурда көрүлүүчү чаралар, ошондой эле тамак-аштан уулануунун алдын алуу жана тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга жеке гигиенаны сактоо, үй жаныбарларын өз убагында эмдетүү жана жаныбар тиштеген учурда дароо медициналык жардамга кайрылуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.

Мындай профилактикалык жана түшүндүрүү иштери калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында улантылууда.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Ден соолукту чыңдоо борбору
batken_meriya

#кутурма #кутурманыналдыналуу #баткен

БАТКЕН ШААРЫНДА ТАМАК-АШ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮБаткен РОАА жана МСЭКБ кызматкерлери тарабынан Баткен шаарында...
07/09/2026

БАТКЕН ШААРЫНДА ТАМАК-АШ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

Баткен РОАА жана МСЭКБ кызматкерлери тарабынан Баткен шаарында тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, тамак-аштан уулануулардын жана жугуштуу оорулардын алдын алуу, ошондой эле жарандардын кайрылууларын кароо максатында рейддик текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү УТРК Баткен облустук телерадиокомпаниясынын кызматкерлери менен биргеликте М.Салихов, Сайдиман ажы жана С. Садыков көчөлөрүндө жайгашкан ашканаларда, тез татым жайларында, кафелерде жана башка коомдук тамактануу объектилеринде өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө коомдук тамактануу жайларындагы санитардык абал, тамак-аш азыктарын сактоо жана даярдоо талаптары, тазалык жана коопсуздук эрежелеринин сакталышы каралды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер боюнча объект ээлерине тиешелүү сунуштар жана тапшырмалар берилип, аларды жоюу үчүн белгиленген мөөнөттөр коюлду.

Мындан тышкары, тамак-аштан уулануунун жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча объект кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
batken_meriya

#баткен #баткеншаары #тамакашкоопсуздугу #рейд #санэпидемстанция

СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА КУТУРМА ООРУСУН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮСүлүктү шаарындагы ЖДПБнын травматология бөлүмүндө жаныбарл...
07/09/2026

СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА КУТУРМА ООРУСУН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Сүлүктү шаарындагы ЖДПБнын травматология бөлүмүндө жаныбарлардын тиштөөсүнө байланыштуу жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №1458 буйругуна ылайык, 045/у формасындагы медициналык карталардын жүргүзүлүшү жана талапка ылайык толтурулушу каралды.

Мындан тышкары, антирабикалык жардам көрсөтүүчү врач-рабилогдун тиешелүү сертификаттарынын бар-жогу жана алардын жарактуулук мөөнөтү текшерилди.

Текшерүүнүн негизги максаты жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыркаган жарандарга көрсөтүлүүчү антирабикалык жардамдын сапатын камсыз кылуу жана кутурма оорусунун алдын алуу боюнча эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР

#кыргызстан🇰🇬 #баткен #сүлүктү #санэпидемстанция #кутурманыналдыналуу

КЫРЧЫНДА САНИТАРДЫК КООПСУЗДУК КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨКырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Баткен облу...
04/09/2026

КЫРЧЫНДА САНИТАРДЫК КООПСУЗДУК КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ

Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Баткен облусунан барган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери да иш алып барууда.

Адистер иш-чара өтүп жаткан аймактагы санитардык абалды көзөмөлгө алып, тамак-аш даярдоочу жана сатуучу жайларда санитардык талаптардын сакталышына көңүл бурууда.

Мындан тышкары, жарандарга жана соода-сатык менен алектенгендерге жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан уулануунун алдын алуу, жеке гигиенаны сактоо, азык-түлүктү туура сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Санитардык адистердин негизги максаты Кырчын жайлоосуна келген миңдеген коноктор үчүн коопсуз жана санитардык талаптарга жооп берген шарттарды камсыз кылууга көмөктөшүү.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Баткен Райондук Мамлекеттик Администрациясы
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы

#кырчын #көчмөндөроюну #тазалык #санэпидемстанция

ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮБаткен районунун Самаркандек айылында жугуштуу оорулар...
04/09/2026

ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Баткен районунун Самаркандек айылында жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Эпидемиолог дарыгер Салом уулу Сулайман айыл тургундарына кутурма жана эхинококкоз оорулары, алардын жугуу жолдору, негизги белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле үй жаныбарларын ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүүнүн жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, Самаркандек айылындагы «Бала-Нур» балдар бакчасынын кызматкерлерине жугуштуу оорулардын алдын алуу, жеке гигиенаны сактоо жана балдар арасында оорулардын жайылышына жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлердин суроолоруна жооптор берилип, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча тиешелүү сунуштар айтылды.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Баткен Райондук Мамлекеттик Администрациясы
Самаркандек айыл аймагы

#баткен #самаркандек #санэпидемстанция #жугуштууоорулардыалдыналуу

КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУНДА САНИТАРДЫК КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛДҮVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда санитардык-э...
02/09/2026

КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУНДА САНИТАРДЫК КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛДҮ

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун алардын катарында Баткен облусунун санитардык дарыгерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Адистер тарабынан коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптардын сакталышы, азык-түлүктүн сапаты жана коопсуздугу, ичүүчү суунун сапаты көзөмөлдөнүп, жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле тамак-аш менен иштеген кызматкерлерге санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу медициналык жана коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР

#кыргызстан🇰🇬
#баткен
#кырчын
#санэпидемстанция

31/08/2026

Баткен шаарында өткөн Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанатта Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери жана кызматтык автоунаалары да параддан өттү

#кыргызстан🇰🇬
#баткен
#эгемендүүлүк
#санэпидемстанция

🍽️ Тамак-аш коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери Сүлүктү шаарында да жүргүзүлдүЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Сүлүк...
31/08/2026

🍽️ Тамак-аш коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери Сүлүктү шаарында да жүргүзүлдү

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Сүлүктү шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган майрамдык иш-чаранын алкагында тамак-аш азыктарын саткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тамак-аш коопсуздугун сактоо, санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу жана тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча тиешелүү маалыматтар берилди.

Ошондой эле тамак-аш азыктарын туура сактоо, даярдоо жана сатууда санитардык талаптарды так сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Шахтер Жолу Гезити

🍽️ Раззаков шаарында тамак-аш коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендү...
31/08/2026

🍽️ Раззаков шаарында тамак-аш коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Раззаков шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган майрамдык иш-чаранын алкагында тамак-аш азыктарын саткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Анда тамак-аш коопсуздугун сактоо, санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу жана тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле тамак-аш азыктарын туура сактоо, даярдоо жана сатууда санитардык талаптарды так сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Раззаков шаарынын мэриясы / Мэрия города Раззакова

🍽️ Тамак-аш коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыг...
31/08/2026

🍽️ Тамак-аш коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Баткен шаарынын борбордук стадионунда майрамдык иш-чарага келген жарандарга тамак-аш саткан соода түйүндөрүнүн кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тамак-аш коопсуздугун сактоо, санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу жана тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле тамак-аш азыктарын туура сактоо, даярдоо жана сатуу учурунда санитардык талаптарды так сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.

Негизги максат майрамдык иш-чара учурунда калктын ден соолугун коргоо жана тамак-аштан уулануунун алдын алуу.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Баткен Шаардык Мэриясы (Баткен Шаарынын Мэриясы)

Address

Улица Султанмурат минбашы 77
Sarykamysh
720100

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:00
Tuesday 08:30 - 17:00
Wednesday 08:30 - 17:00
Thursday 08:30 - 17:00
Friday 08:30 - 17:00
Saturday 08:30 - 12:15

Telephone

+996362250273

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Practice

Send a message to Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора:

Shortcuts

Share