Таласский областной центр борьбы с туберкулезом

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Talas
  • Таласский областной центр борьбы с туберкулезом

Таласский областной центр борьбы с туберкулезом Талас облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору

3-июль Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарада Талас облустук кургак учук менен ...
04/07/2026

3-июль Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарада Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борбору «Эң мыкты мекеме» наамына татыктуу болуп, 🏅 өтмө Кызыл Туу жана 💰 20 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланды.

Бул сыйлык – жалпы жамаатыбыздын талыкпаган эмгегинин, жоопкерчилигинин жана кесипкөйлүгүнүн жыйынтыгы. 💙👩‍⚕️👨‍⚕️

Мындан тышкары, эмгекте өзгөчөлөнгөн бир катар медицина кызматкерлерибиз Ардак грамота жана сыйлыктарга ээ болушту.

Бардык кызматкерлерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз! 🌹✨

📅 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата  бир айлык жарлыктын алкагында 2026 жылдын 24-март...
28/03/2026

📅 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык жарлыктын алкагында 2026 жылдын 24-март күнү, Талас районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө медициналык кызматкерлерге бул күндүн маанилүүлүгү кеңири түшүндүрүлүп, жарыяланган бир айлыктын алкагында ар бир кызматкер оорунун алдын алуу иш-чараларына активдүү катышып, өз салымын кошуусу керектиги белгиленди 🩺

Андан соң медициналык кызматкерлер кайрылган жарандарга кеңеш берип, керектүү консультациялар жүргүзүлдү ✅

Ден соолук — баарынан маанилүү! Өз убагында текшерилип, оорунун алдын алалы 🤍

#кургакучук #туберкулез #денсоолук #24март #Талас #медицина #скрининг #Кыргызстан

📅 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган 1 айлык иш-чаранын алкагында,📍 2026-жы...
28/03/2026

📅 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган 1 айлык иш-чаранын алкагында,
📍 2026-жылдын 26-март күнү Айтматов районуна караштуу Аманбаев айылында атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга кургак учук тууралуу кеңири маалымат берилип 🩺, оорунун алдын алуу, белгилери жана дарылоо жолдору түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, бардык каалоочулар үчүн акысыз рентген текшерүү уюштурулуп 📸, кургак учукка байланыштуу сурамжылоо жүргүзүлдү ✅.

Ден соолук — ар бирибиздин эң чоң байлыгыбыз! Өз убагында текшерүүдөн өтүп, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз 🤍

#кургакучук #туберкулез #денсоолук #скрининг #акысызтекшерүү #Айтматоврайону #Аманбаевайылы #24март #Кыргызстан

📌 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата📍 Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын орто мектеби...
25/03/2026

📌 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата
📍 Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын орто мектебинде атайын ачык сабак өткөрүлдү.

👩‍🏫 Иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларына
🦠 кургак учук тууралуу кеңири маалымат берилди:
жугуу жолдору, алдын алуу, белгилери жөнүндө түшүндүрүлдү.

💬 Ошондой эле окуучулар менен суроо-жооп уюштурулуп, активдүү талкуу болду.

💙 Ден соолукту сактоо — ар бирибиздин милдет!
Өз убагында текшерилип, оорунун алдын алалы!

#кургакучук #24март #ачыксабак #денсоолук #мектеп #окуучулар #талас #кыргызстан #профилактика #саламаттык

📌 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата📍 Талас шаарында атайын иш-чара өткөрүлдү.👩‍⚕️ Иш-ч...
25/03/2026

📌 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата
📍 Талас шаарында атайын иш-чара өткөрүлдү.

👩‍⚕️ Иш-чаранын алкагында Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда
🚪 “Ачык эшик күнү” жарыяланып,

🩺 Жергиликтүү тургундардын бардык каалоочуларына
📷 бекер рентген текшерүүсү жүргүзүлдү.

💙 Ден соолук — ар бир адамдын эң чоң байлыгы! Өз убагында текшерүүдөн өтүңүз!

#кургакучук #24март #денсоолук #талас #кыргызстан #скрининг #рентген #саламаттык #акция #профилактика

📢 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнүБул күндүн алкагында 23-мартта Манас районунун Май айылында же...
23/03/2026

📢 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнү

Бул күндүн алкагында 23-мартта Манас районунун Май айылында жергиликтүү тургундар арасында кургак учуктун алдын алуу максатында активдүү скрининг жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы 44 адам портативдик жасалма интеллектиси менен көчмө аппарат аркылуу текшерүүдөн өттү.

Мындай иш-чаралар ооруну эрте аныктоого жана анын жайылышын алдын алууга чоң жардам берет.

🩺 Ден соолук — ар бир адамдын эң баалуу байлыгы!
Өз убагында текшерилип турууну унутпайлы.

#КургакУчук #Туберкулез #ДенСоолук #Скрининг #МанасРайону #МайАйылы
#Кыргызстан

Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылдык орто мектебинде окуучулар жана мугалимдер арасында24-март — Бүт...
19/03/2026

Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылдык орто мектебинде окуучулар жана мугалимдер арасында
24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учук күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү 📅

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга кургак учук тууралуу кеңири маалымат берилди:
оорунун алдын алуу, жугуу жолдору, эрте диагностика жана дарылануу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү 🩺

Мындан тышкары, маалыматтык брошюралар таратылып, ар бир адамга ден соолугуна кам көрүү маанилүү экени баса белгиленди 📖

Ден соолук — ар бирибиз үчүн эң баалуу байлык! Өз убагында текшерилип, сак бололу 🤍

#КургакУчук #24Март #ДенСоолук #Талас #МанасРайону #СергекЖашоо #Профилактика

Талас шаарында пенсионерлер менен тегерек стол уюштурулуп, ден соолукту чыңдоо боюнча маанилүү маселелер талкууланды.Ошо...
18/03/2026

Талас шаарында пенсионерлер менен тегерек стол уюштурулуп, ден соолукту чыңдоо боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Ошондой эле, 24-март — Кургак учук менен күрөшүү күнүнө карата маалыматтык семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө кургак учуктун алдын алуу, өз убагында текшерилүүнүн мааниси жана сергек жашоо образы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ар бир адамдын ден соолугу — коомдун байлыгы. Өз убагында текшерилип, ден соолугуңузга кам көрүңүз! 🤍

#Талас #ДенСоолук #КургакУчук #24Март #СергекЖашоо #Профилактика

Address

Каракойчу Токтогулов, 47
Talas
724005

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:00
Tuesday 08:30 - 17:00
Wednesday 08:30 - 17:00
Thursday 08:30 - 17:00
Friday 08:30 - 17:00
Saturday 08:30 - 13:00

Telephone

+996703957474

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Таласский областной центр борьбы с туберкулезом posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Practice

Send a message to Таласский областной центр борьбы с туберкулезом:

Shortcuts

Share